Аймактар
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс
Жалал-Абадда буудайды оруп-жыйноо башталды
© Элита плюс

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда буудайды оруп-жыйноо үчүн комбайндар ишке киришти. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түшүм жыйноо өнөктүгүнө өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жана жергиликтүү бийлик катышты.

Аталган райондун Ноокен айыл чарба кооперативинин 20 гектар аянтына, Өзбекстандан "Аср","Давр" сортундагы үрөн алынып келинип, быйыл биринчи жолу сыноодон өтүүдө.

"Биздин облус боюнча кылкандуу дан эгиндери 18049 гектар жерге эгилген. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык райондордо буудайларды оруп-жыйноо жумуштары башталып, алгачкы комбайндар түшүм жыйноого киришти. Күздүк буудай жылдагыга салыштырмалуу аз эгилгени менен, дыйкандарыбыз жаздык буудайды көп эккенге жетишти. Облустун аймагында өткөн жылдары 24-25 центнерден буудай алып келишкен болсо, үстүбүздөгү жылы түшүмдүүлүк көп берилет деген дыйкандарыбыздын алдын-ала эсептөөлөрү бар. Бүгүнкү алынып келген үрөндүн өзгөчөлүгү түшүмдүүлүктү көп берет деген божомол бар. Гектарына 70 центнерге чейин түшүм берет. Эгерде ушул үрөн 70 центнерден бере турган болсо, биз анда облустун бардык райондоруна жайылтып, дыйкандарыбызды колдоого алышыбыз керек", - деди Мирзахмедов.

Өкүл азык-түлүк коопсуздугу жаралбашы үчүн дыйкандарды колдоого алуу, суугат суу менен өз убагында камсыздоо жана дыйкандардын жыйнаган түшүмдөрүн сатууда баага көңүл бөлүү зарылдыгын да баса белгиледи