Коом
Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү
Элита плюс
Декабрь 19, 2020 г.
Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү
© Элита плюс
Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү
© Элита плюс

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош автожолунун Маданият - Жалал-Абад участогунун курулушу менен таанышты.

Жаңыланып салынып жаткан жолдун жалпы узундугу 67 чакырым. Жол курулушунан тышкары 8 көпүрө, 181 чакан жасалма курулуш, базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жол, калктуу пункттарда аялдамалар салынат. Долбоор 2022-жылдын июнь айында бүткөрүлөт.

Вице-премьер-министр бул автожолдун стратегиялык маанисин белгилеп, долбоорду өз мөөнөтүндө аяктоо тапшырмасын берди.

"Бул долбоор толугу менен ишке ашырылса, Ош-Бишкек каттамындагы жол кыймылынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Пандемиядан кийинки кризисти эске алганда бул долбоорду ишке ашыруу экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет. Тагыраак айтканда, товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт. Ошондуктан каттамды салуу ишин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү зарыл", - деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жаңыланып салынып жаткан жолдун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынышы керек.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Маданият - Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү. Жалпысынан каттамды куруу ишине 150 киши тартылган, анын 90 пайыз жергиликтүү эл түзөт.