Коом
Жалал-Абад жана Баткенге учактар каттап баштайт
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Жалал-Абад жана Баткенге учактар каттап баштайт
© Элита плюс
Жалал-Абад жана Баткенге учактар каттап баштайт
© Элита плюс

Бишкек-Баткен-Бишкек жана Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамдары ушул айдын аягында кайрадан жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Акышевдин айтымында, өлкө ичинде августтан баштап Бишкек-Ош туруктуу каттамы менен күнүнө 2-3 рейс ишке ашырылып келсе, сентябрь айынын аягынан баштап Жалал-Абад жана Баткен шаарларына да каттамдар кайрадан жандандырылат. Учууларды Tez Jet Airlines авиакомпаниясы ишке ашырмакчы. Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам, март айында Кыргызстандагы ички жана тышкы аба каттамдары убактылуу токтотулган болчу.