Аймактар
Жалал-Абад: Той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
Жалал-Абад: Той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү
© Элита плюс

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул багытта түнкү рейд өтүп, калаадагы 17 кафе-ресторандарга кыдыруу жүрдү.

Алардын ичинен беш жайда сырткы жарыктандырууларын өчүрүп жашыруун той өткөрүп жаткандары маалым болду. Ага шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Нуртилек Орозбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, массалык эл чогултуулардын кесепетинен оору кайрадан күч алып жаткандыгы айтылды.

Төрт жайга шаардык санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан айып пул салынып, бир тойканага эскертүү берилгенине карабай той өткөрүп жаткан. Аларга укук коргоо органдары тарабынан акт түзүлүп, айыппулга жыгылды.