Коом
Жалал-Абад: Салыктардан түшкөн каражат
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Жалал-Абад: Салыктардан түшкөн каражат
© Элита плюс

Быйыл алты айдын аралыгында Жалал-Абад облусунда салыктык жыйымдардан 2 миллиард 423 миллион сом түштү. Аталган сумма 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 600 миллион сомго көп. Бул туурасында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган онлайн-коллегия өткөрүлгөн. Анда карантиндик чаралардан улам кызмат көрсөтүү, чекене соода жүгүртүү жана капиталдык салымдар боюнча иш солгундаганы айтылат. Бул учурда 7миң 193 субъектинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Ал эми 1-июндан тарта облуста кайрадан 5миң 356 субъект ишин жанданткан. Жарым жылда Тогуз-Торо районундагы "Макмал алтын" комбинатында 61,8 килограмм алтын концентраты өндүрүлдү. Бул аралыкта Чаткал районунун Терек-Сай кенинде 61,8 килограмм алтын концентраты алынган. Анын менен бирге Маданият - Жалал-Абад жолун оңдоо иштери жанданды. Мындан сырткары, облуста 14 жаңы ишкана ачылган.