Аймактар
Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды
Элита плюс
Июль 07, 2020 г.
Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды
© Элита плюс

Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун аймагындагы бардык район-шаарларда атайын орундуктар даярдалып, тейлөөлөр башталды.

“Ар бир райондун ар айыл өкмөтү, өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө даяр болушу керек. Мындан улам жергиликтүү бийликтегилер жер-жерлерде талапка жооп берген имараттарды дезинфекциялап, атайын орундуктарды даярдоо менен бирге мобилдүү топтор уюштурулду.

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационардык борборго эки күндөн бери 145 жаран кайрылып, керектүү кеңештерди алып, дарыланып кетишти. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт.

Учурда облустук ооруканада 31 даана кычкылтек концентраторлору иштеп жатат”,- деп айтылат маалыматта.