Коом
Жакында жаңы 12 оорукана аяктайт
Элита плюс
Август 22, 2020 г.
Жакында жаңы 12 оорукана аяктайт
© Элита плюс

Саламаттык сактоонун 14 объектисин куруу жана оңдоп-түзөө иштерине жалпы 187 млн сом каржылоо ачылган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттык сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарылып жатат. Белгилей кетсек, 2 курулуш объектиси республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Ал эми “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоо-түзөө жумуштары каржыланууда.

Сентябрь айында 12 объектте жумуш аяктайт.