Коом
Жакында төрөлгөн 3 эмге "Садыр, Жапар, Нуркожо" деген ат коюлду
Элита плюс
Ноябрь 04, 2020 г.
Жакында төрөлгөн 3 эмге "Садыр, Жапар, Нуркожо" деген ат коюлду
© Элита плюс
Жакында төрөлгөн 3 эмге "Садыр, Жапар, Нуркожо" деген ат коюлду
© Элита плюс

Жакында төрөлгөн 3 эмге Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу башкы дарыгер Салтанат Назаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы эне балдары менен бүгүн ооруканадан чыгарылды.

"Эне балдардын абалы жакшы. Эне жана балдарды жакындары келип чыгарып кетти. Аларга Садыр, Жапар, Нуркожо ысымдары ыйгарылды. Балдарга ысымды чоң атасы менен чоң апасы ыйгарган", - деди Назаралиева.

6-октябрда Нарын аймактык ооруканасынан 1999-жылы туулган келин келип түшкөн. Нарында ага кош бойлуулуктун 31-32 жумасы, оор преэклампсия диагнозу коюлган. Дарыгерлер кеңешип, кош бойлуулукту 35 жумалык кош бойлуулук мезгилине чейин узартууну чечишти. Үч жумадан кийин, тагыраагы, 29-октябрда операциядан кийин саат 11: 20да убагынан эрте төрөлгөн 3 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Бешик боолору бек болсун!