Коом
Жакында пенсия көбөйөт
Элита плюс
Сентябрь 16, 2020 г.
Жакында пенсия көбөйөт
© Элита плюс

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйөт. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, пенсиянын базалык бөлүгүнө 100 сом кошулганы жатат. Натыйжада 4286 сомдон ашпаган пенсия кеминде 300 сомго көбөйүп, андан жогору өлчөмдөгүсү 360 сомго арбыйт.

Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом болот. 689 пенсионердин акчасын көбөйтүүгө 827 миллион сом талап кылынат.

Ошентип, орточо эсеп менен пенсия 397 сомго көбөйтүлөт.

Буга чейин пенсия 2019-жылы орточо 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган.