Коом
Жакында кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдайт
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Жакында кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдайт
© Элита плюс

20-октябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан паспорт аркылуу гана өтүүгө мүмкүн болот.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, бул 2012-жылы эки тараптуу кол коюлган макулдашуунун күчүнө киргенине байланыштуу ишке ашууда.

Жашы жете элек жарандарга да 20-октябрдан тартып паспорт талап кылына баштайт. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз болот.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарына да паспорт талап кылынат.

20-октябрга чейин чек арадан чыгып кеткен 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандар буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөрүлгөн болсо, мекенине кайтып келе жатканында туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүшөт.

Бул тартип Орусияга жана ал жактан кайрадан артка түз авиакаттам менен жүргөн Кыргызстандын жана Орусиянын жашы жете элек жарандарына тиешеси жок