Коом
Жакында банкрот болгон ишканалар боюнча автоматташтырылган система ишке кирет
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Жакында банкрот болгон ишканалар боюнча автоматташтырылган система ишке кирет
© Элита плюс

Жакында банкрот болгон ишканалар боюнча автоматташтырылган система ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдирди. Учурда министрликтин алдындагы банкроттук иштер боюнча департамент банкроттор тууралуу автоматташтырылган система менен сайтты тесттик режимде иштетип жатат. Системанын негизги максаты – банкрот болгон ишканалар боюнча кагаз түрүндө маалымдама сурап-билүүлөрдү жокко чыгаруу болуп эсептелет. Мисалы, мамлекеттик сатып алуулардын порталындагы тендерлерге катышуу үчүн ишканадан банкрот же банкрот эместиги тууралуу маалым кат керек. Мурда аны Юстиция министрлигинен, соттордон жана башка мекемелер аркылуу алыш керек эле. Эми бардык маалымат бир жерге чогулат. Ал аркылуу бардык кызыккан тараптар тигил же бул ишкана тууралуу кабар алса болот.