Президент
"Жакшы эли менен" демекчи, Президент күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды
Элита плюс
Март 05, 2023 г.
"Жакшы эли менен" демекчи, Президент күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров дем алыш күнү Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүнө караганда, президент эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт.

"Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, социалдык байланыш тармактарында таратып жатышат.

Чындыгында биз - маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюуну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, социалдык байланыш тармагындагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар.

Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет", - дейт Орунбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров барган конушта үйү түрттүлгөн аял тууралуу талкуу болуп жаткан.