Коом
"Жөө күлүк" тасмасы эл аралык кинофестивалда байгелүү болду
Элита плюс
Сентябрь 13, 2020 г.
"Жөө күлүк" тасмасы Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Кинофестиваль 4-9-сентябрь күндөрү Казанда (Татарстан) болуп өткөн. Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы фестивалдын "Россия - ислам дүйнөсү" сынактык программасында катышып, "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттар диалогу үчүн" сыйлыгын алган. Бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө 300 миң рубль байге каралган. Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет.