Аймактар
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Өзгөндө элеттиктер эңсеген жол бүттү
© Элита плюс
Республикалык маанидеги бир канча айылдарды туташтырган Куршаб - Кочкор-Ата унаа жолунун 1,2 км жерине асфальт-бетон төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Сагындык Келдибаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.
Жаңыдан асфальт төшөлгөн жол республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
"Аймактардагы айылдар арасындагы жолдорго көңүл бурулбай келген болсо, Президент 2019-жылы ар бир райондордо 3 км ден кем эмес жолуна асфальт төшөө жөнүндөгү демилгесинен кийин, бир топ айылдардын жолдоруна жаңы асфальт төшөлдү. Жолдорду жакшыртып, элдин каттосуна жеңилдиктерди түзүү мындан ары да улана бермекчи. Бул бүгүнкү күндүн эң приоритеттүү багыттарынын бири", - деди Аида Касымалиева.
Ал эми эл өкүлү С. Келдибаев жолдун калган бөлүгүнө да алфальт төшөө үчүн аракеттер көрүлөөрүн билдирди.
"Бул кезге чейин Куршаб-Сеңир-Кочкор-Ата унаа жолу Кызыл-Сеңир айылына чейин гана асфальт төшөлгөн эле. Быйылкы жылы ал уланып, Кызыл-Сеңирден Сеңир айылына жетти. Мындар ары да акырындык менен Кочкор-Ата айылына чейин асфальт төшөөгө аракет кылабыз", - деди Сагындык Келдибаев.
Куршаб-Сеңир-Кочкор-Ата унаа жолунун 1.2 км асфальт төшөө үчүн республикалык бюджеттен 6 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Негизгиси, шагыл унаа жол асфальт жолго айланууда элеттиктердин кубанычында чек жок.