Коом
Өздүктү аныктоочу FACE ID ишке кирет
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Өздүктү аныктоочу FACE ID ишке кирет
© Элита плюс

18-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлерди компьютердик тестирлөө аркылуу жүзүнөн таануу боюнча системасы ишке кирет. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. FACE ID адамдын жүзүндөгү биометрикалык белгилерди документтеги сүрөт менен салыштырып, анын чыныгы ошол адамга таандык экенин аныктайт. Мамлекеттик кадр кызматына бош орундарга келген талапкерлер “Сынак тестирлөө” системасы аркылуу өтүшөт. Жаран жөн гана компьютерди карап турганда программа ал тууралуу бардык маалыматтарды компьютерге чыгарат. Мындай ыкма кадрлардын электрондук эсебин алууга жардам берет. Азыркы тапта республика боюнча 35 миңден ашык мамлекеттик кызматкердин жеке маалыматтары системага туташып, 1064 мекеме толугу менен тутумга кошулду. Ар бир маалыматтын атайын код аркылуу жеке купуялуулугу сакталат.