Дүйнөдө
Өзбекстандын өкмөтү бак-дарак кыйып жаткандардын сүрөтүн жөнөткөндөргө акча төлөй турган болду
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Өзбекстандын өкмөтү бак-дарак кыйып жаткандардын сүрөтүн жөнөткөндөргө акча төлөй турган болду
© Элита плюс

Өзбекстандын өкмөтү экологияны сактоо максатында бак-дарактарды мыйзамсыз кыйып жаткандардын сүрөт-видеолорун жөнөткөндөргө акча төлөй турган болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бак-дарактарды кыйып жаткан учурдан сүрөт же видео жөнөткөн жарандарга эрежени бузгандарга салынган айыптын 15 пайызы төлөнөт. Муну менен катар эле сүрөт, видеонун авторлорунун аты-жөндөрү жарыяланбайт.

"Жакын арада Экология боюнча мамлекеттик агенттик атайын бирдиктүү байланыш номерлерин жарыялайт. Учурда анын үстүнөн иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.