Дүйнөдө
Өзбекстандын Фергана облусу COVID-19дун кийинки толкунуна даярдана баштады
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Өзбекстандын Фергана облусу COVID-19дун кийинки толкунуна даярдана баштады
© Элита плюс

Өзбекстандын Фергана облусу COVID-19дун кийинки толкунуна даярдана баштады. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин расмий билдирүүсүнө ылайык, бейтаптарга кошумча 12 миңден ашык орун даярдалып, 500 кычкылтек концентратору жана коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоочу 5 миң пульсоксиметр жеткирилди.

«Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы жакшыртылууда. Дары-дармектердин үч айлык запасына деп 10 миллиард сум (975 миң доллар) бөлүндү. Кытайдан 3 миллиард сумга жакын суммага (300 миң доллар) кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алдык. Алар даярдалып жаткан резервдик пункттарга жеткирилди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Интернетке Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин кычкылтек концентраторлорун өндүргөн заводдун ачылышына барганы тартылган видео жарыяланган.

«Жакында «Коканд» эркин экономикалык аймагында да ушундай эле медициналык жабдууларды өндүргөн ири завод ишин баштайт. Облустагы бардык медициналык кызматкерлер бекер пульсоксиметрлер жана башка жабдуулар менен камсыз болот», — деген Ганиев.

Облустук акимчиликтин маалыматына караганда, бардык чыгымдарын кошкондо бир кычкылтек концентраторунун баасы 4,2 миллион сумду ($409), бир пульсоксиметрдики 150 миң сумду ($14,6) түзөт.