Дүйнөдө
Өзбекстандын борбор шаары кеңейтилет
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Өзбекстандын борбор шаары кеңейтилет
© Элита плюс

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейте турган долбоор менен таанышты. Жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 миң 381 гектар аймакты кошуу пландалууда. “Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Жаңы жашоо”- деп аталган жаңы район курууну сунуштаган деп билдирет жергиликтүү маалымат булактары. Ошондой эле Мирзиёев адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берген.