Дүйнөдө
Өзбекстанда СOVID-19 65 адамга жуккан, алардын ичинде 11 дарыгер бар
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Өзбекстанда СOVID-19 65  адамга жуккан, алардын ичинде 11 дарыгер бар
© Элита плюс

Коңшу Өзбекстанда короновирус илдети 65 адамга жуккан. Алардын ичинде 11 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев короновируска каршы түзүлгөн селектордук жыйындын жүрүшүндө билдирди. “Медицина тармагы канчалык өнүккөнү менен,жарандар тартипти сактабаса, дарыгерлердин эмгеги текке кетет”,- деди Мирзиеев. Андан тышкары өлкө башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин кучөтүү зарыл экендигин эскертти. “Короновирус илдети жайылбашы үчүн күнү –түнү кара жаныңарды карч уруп иштешинер керек. Маалыматтын жетишсиздигинен кичи ажылыктан келген Фергана өрөөнүнүн тургуну чоң той өткөрүп, жыйынтыгында вирус 4 адамга жуккан. Мындай учурлар дагы катталса, ар биринер керт башыңар менен жооп бере турганынарды дагы бир жолу эскертем” ,- деди Өзбекстан президенти.