Дүйнөдө
Өзбекстанда «коронавирустан адам өлгөндүгү тууралуу» жалган маалымат тараткан киши 30 суткага камалды
Элита плюс
Март 30, 2020 г.
Өзбекстанда «коронавирустан адам өлгөндүгү тууралуу» жалган маалымат тараткан киши 30 суткага камалды
© Элита плюс

Самарканд облусунун Пахтачы районунда «коңшусу коронавирустан улам каза болгондугу тууралуу» жалган маалымат тараткан 43 жаштагы жергиликтүү тургун 30 суткага камакка алынды.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, 29-мартта Пахтачы райондук административдик соту аны «Өзгөчө абал режиминде коомдук тартипке бүлүк салуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 30 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттун материалдарына ылайык, 25-мартта айыпталуучу социалдык түйүндөргө «коронавирус жуктуруп алган коңшусу арак көп ичип алып өлгөнү» тууралуу маалымат жарыялаган.

26-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, инфекция жайылып жаткан учурларда жалган маалымат тараткандар үчүн эки базалык эсептик көрсөткүчтөн (44,6 миллион сум же 4,7 миң доллар) төрт базалык эсептик көрсөткүчтө (9,4 миң доллар) чейинки өлчөмдө айып пул төлөө, же 300-360 саат коомдук жумуштарды аткаруу, же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.