Дүйнөдө
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган экинчи бейтап көз жумду
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган экинчи бейтап көз жумду
© Элита плюс

Өзбекстанда акыркы бир күндө коронавирус жуктурган экинчи эркек бейтап көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун коронавирус жуктуруп алган Намангандын 72 жаштагы тургуну каза болгону айтылган.

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104 кишиге жетти.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.