Дүйнөдө
Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө
© Элита плюс

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 20 миң 531 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 579 жаңы учур катталды. Ал эми 633 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган. Үй шартында карантинде 67 миң 729 адам, стационарларда 26 миң 317 жаран болууда.

Өлкөдө коронавирустан 11 миң 105 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 116 бейтап каза болду. 9 миң 310 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 152 адамдын абалы оор болсо, 66нын абалы өтө оор.