Дүйнөдө
Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын 88 пайызы айыкты
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын 88 пайызы айыкты
© Элита плюс

Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын 88 пайызы айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир күн ичинде 6 бейтап көз жумду. Ошентип тумоого чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 37 миң 693 адамга жетти. Алардын 252си тилекке каршы вирустан улам каза болсо, 33 миң 261 адам ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Учурда 4034 бейтап ооруканада дарылануусун улантууда.