Өзбекстан: Премьер-министрдин орун басары вирустан көз жумду
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Өзбекстан: Премьер-министрдин орун басары вирустан көз жумду
© Элита плюс

Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Ага коронавирус оорусу жукканы июнь айында аныкталып, дарыланып жаткан. Маркум 2016-жылдан 2020-жылга чейин Бухара облусунун акими болгон. 2020-жылдын февралында Өзбекстандын агрардык өнүктүрүү жана азык-түлүк тармагындагы маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалган болчу. Соңку бир күндө Өзбекстандын аймагында коронавирус дагы 648 адамдан аныкталды. Пандемия башталгандан бери жалпы 51 миң 640 адамга коронавирус жукканын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бардыгы болуп 433 адам коронавирустун кесепетинен каза тапты. Учурда жалпы 47 миң 932 адам айыккан. Бул жалпы сандын 93 пайызын түзөт.