Дүйнөдө
Өзбекстан: Класстык журнал жоюлду
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Өзбекстан: Класстык журнал жоюлду
© Элита плюс

Жаңы окуу жылында Өзбекстандын көптөгөн мектептеринде күндөлүк менен класстык журнал жоюлат. Анын ордуна алар Kundalik.com деп аталган электрондук платформаны колдонушат. "Бир жагынан мугалимдердин кагазга байланыштуу иштери азаят. Экинчи жагынан ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Алар бир гана смартфондун жардамы менен балдарынын жетишкендиктерин, бааларын көзөмөлдөп турушат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле жаңы система үй тапшырма жана башка маселелер боюнча мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын түзүү зарылдыгын жок кылары айтылат. Баса, электрондук күндөлүккө кошулуу акысыз эмес. Бирок министрлик бир жылдык акы бир күндөлүктүн баасына барабар экенин билдирет. Балдар тууралуу персоналдык маалыматтар корголору дагы кошумчаланды.