Дүйнөдө
Өзбекстан алтын сатууда дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Өзбекстан алтын сатууда дүйнөдө биринчи орунга чыкты
© Элита плюс

Өзбекстан июлда алтын сатууда дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Алтын боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңештин (WGC) маалыматына караганда, июлда өлкө 11,6 тонна баалуу металл саткан.

Монголия июлда 6,1 тонна алтын сатуу менен экинчи орунга жайгашкан.

Ошол эле маалда Орусия менен Германия жарым тоннадан гана алтын саткан.

Июль айында 19,4 тонна алтын сатып алуу менен Түркия биринчи орунду камсыздады. Катар 3,1 тонна, Индия 2,8 тонна, Казакстан 1,9 тонна жана Украина 300 килограмм алтын сатып алды.

WGC билдиргендей, июлда алтындын граммы орто эсеп менен 58 доллардан сатылган. Ушул тапта аталган баалуу металлдын баасы 62 долларды түзүүдө.