Дүйнөдө
Өзбекстан алтын сатуу боюнча рекорд койду
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
Өзбекстан алтын сатуу боюнча рекорд койду
© Элита плюс

Январь-август айларында Өзбекстан 5,8 миллиард долларга алтын экспорттоду.

Өзбекстан Статистика комитетинин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 миллиард долларга көп.

Сегиз ай ичинде алтындын экспорту жалпы экспорттун 50 пайызын түздү.

Август айында эле Өзбекстан 2,5 миллиард долларга алтын саткан. Тышкы соода жүгүртүү сегиз айда 24, 5 миллиард доллар болду.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миллиард долларга аз. Тышкы соода жүгүртүүдө экспорт 11,6 миллиард долларды, импорт 12,9 миллиард долларды түздү.

Июлда Өзбекстан 11,6 тонна алтын сатуу менен дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Алтын сатуу боюнча Монголия экинчи орунду алган.