Коом
ЮНИСЕФ мектептерге антисептик каражаттарын берди
Элита плюс
Декабрь 05, 2020 г.
ЮНИСЕФ мектептерге антисептик каражаттарын берди
© Элита плюс

ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнүн мектептерине 32 миң 965 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, антисептикалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт.

“Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз өлкөсүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн жасап жаткан аракеттерине кошулганыбызга кубанычтабыз. Балдар коопсуз чөйрөдө классташтары, мугалимдери менен чогуу окууну каалашат деп үмүттөнөбүз”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча адиси Марико Като.

Марико Като ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү менен мындан ары дагы кызматташуусун улантарын белгиледи.