Аймактар
Ысык-Көлгө коомдук унаага чектөө киргизилди
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
Ысык-Көлгө коомдук унаага чектөө киргизилди
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди. Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт.

"Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20-июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык-эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70% чейин орундуктарды ээлөөсү каралган. Мындан сырткары, 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды", - деп айтылат маалыматта.