Саясат
Ысык-Көлдүн губернатору кызматтан кетүү боюнча арызын жазды
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
Ысык-Көлдүн губернатору кызматтан кетүү боюнча арызын жазды
© Элита плюс

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. 

Социалдык тармактарда Балбак Түлөбаевдин кызматтан кетишине нааразы болгон, кетпешин суранган билдирүүлөр байма-бай жарыяланууда.

Бүгүн Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү боюнча арыздарын жазды.

4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия аз добуш алышты. Алар бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясын башташкан. Ал түнү менен уланып, 6-октябрда таңда чогулгандар Ак үйдү басып алышты.

Мындай жагдайдан улам өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүүдө. Учурда өлкөдө абал кооптуу болуп турат.

Ал ортодо Ош шаарында азыркы президенттин тарапташтары митингге чыгышты.