Саясат
Ысык-Көлдүн экс-губернатору Элчибек Жантаев жаңы кызматка дайындалды
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Ысык-Көлдүн экс-губернатору Элчибек Жантаев жаңы кызматка дайындалды
© Элита плюс

Эльчибек Джантаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.