Аймактар
Ысык-Көлдө Тепке – Курбу – Жылдыз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
Элита плюс
Апрель 03, 2023 г.
Ысык-Көлдө Тепке – Курбу – Жылдыз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке – Курбу – Жылдыз унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары тарабынан жолдун 500 метрдей аралыгына асфальт төшөлдү.

Белгиленгендей, жол оңдоо иштери кечээ, 2-апрелде башталган. Быйыл Тепке – Курбу – Жылдыз унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Асфальт төшөө иштери бардык курулуш нормаларына жооп берет.