Аймактар
Ысык-Көлдө таштандыдан арылууга багытталган иш-аралар жүргүзүлдү
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Ысык-Көлдө таштандыдан арылууга багытталган иш-аралар жүргүзүлдү
© Элита плюс

Көл жээгин таштандыдан арылтуу иш-чарасы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Тамга айыл аймагынын тургундары тарабынан уюштурулду. Акцияга айылдын эки жүздөн ашык тургуну чыгып, жалпы жыйырма чакырымдан ашык көл жээги болгон таштандыдан тазаланды. Айыл тургундары белгилегендей Ысык-Көлдүн жээгин таза кармоо боюнча ар бир үч ай сайын ишембиликтер уюштурулуп турат. Бирок ары бери өткөн жүргүнчүлөрдөн, башка аймактардын тургундарынан абдан көп таштанды калат. Бул ирет уюштурулган иш чарада жалпы жыйырма чоң унаа менен таштанды чыгарылды.