Аймактар
Ысык-Көлдө сел турак үйлөрдүн короосун каптады
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Ысык-Көлдө сел турак үйлөрдүн короосун каптады
© Элита плюс

Ысык-Көл районунда сел турак үйлөрдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-сентябрда саат 14:20 чамасында Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Көк-Дөбө айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короо-сарайларын каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Тазалоо иштерине ӨКМдин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылып, саат 19:00дө жумуш толук аяктаган.