Аймактар
Ысык-Көлдө оорукана жаңыланды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Ысык-Көлдө оорукана жаңыланды
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунун аймактык бириктирилген ооруканасында капиталдык оңдоо иши жыйынтыкталды. Оорукананын инфекциялык бөлүмүн жакшыртууга 19 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Алтымыш жыл мурда курулган имараттын биринчи кабаты керектен чыгып, пайдаланууга мүмкүн болбой калган. Оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгында дарылоочу жай бир айдын ичинде толугу менен заманбап болуп өзгөрдү.