Аймактар
Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылгандар кармалды
Элита плюс
Февраль 10, 2023 г.
Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылгандар кармалды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылгандар кармалды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылгандар кармалды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылгандар кармалды
© Элита плюс

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аӊчылык кылган үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоӊ районунда жайгашкан "Булуӊ" аймагында кыргоолдорго мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөн жеринен Бөкөнбаев айылынын тургундары 27 жаштагы А.Т., 32 жаштагы М.Б. жана 31 жаштагы Т.Н. кармалышты.

Кармалган жарандардан далил зат катары 3 сайсыз ок атуучу курал жана мыйзамсыз атылып алынган 6 баш кыргоол алынды.

Аталган факт Тоӊ РИИБнин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.