Коом
Ысык-Көлдө канаттуулар фабрикасы ачылат
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Ысык-Көлдө канаттуулар фабрикасы ачылат
© Элита плюс

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр Артём Новиков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы канаттуулар фабрикасынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Канаттуулар фабрикасы өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыйт, анда инкубатор, тоокторду багуу жана тоок эттерин муздатылган түрдө даярдоо каралган.

Ишкана жылына 4 миллион 600 миң бройлер тоокту өндүрүүгө жана 12 жарым миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Артём Новиков белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыгынын 30 пайызын гана жабат. Ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын 24-декабрынан баштап Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип, тиешелүү график түзүлдү. Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү мерчемделди, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат" , - деп жазылат маалыматта.