Аймактар
Ысык-Көлдө булганыч сууну көлгө агызгандыгы үчүн эки пансионатка айып салынды
Элита плюс
Май 13, 2023 г.
Ысык-Көлдө булганыч сууну көлгө агызгандыгы үчүн эки пансионатка айып салынды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө булганыч сууну көлгө агызгандыгы үчүн эки пансионатка айып салынды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө булганыч сууну көлгө агызгандыгы үчүн эки пансионатка айып салынды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө булганыч сууну көлгө агызгандыгы үчүн эки пансионатка айып салынды
© Элита плюс

Ысык-Көлдө "Керемет-Суу" жана "Дельфин" пансионаттарына айыптар салынды. Бул тууралуу Жаралышы ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгү апрель айынын аягында массалык маалымат булактарына тарап, экологияны бузуу фактылар тууралуу сөз болгон. Жаратылыш ресурстары министрлиги жеринде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине кайрылып, макулдашылган жолдомосун алган.

"Керемет-Суу" жана "Дельфин" эс алуу жайларында болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулары аныкталды. Пансионат ээлери тиешелүү уруксат кагаздарын дагы көрсөтүшкөн эмес. Ошондой эле эс алуу жайларынын (курууга чейин) долборлору иштелип чыкпай, экологиялык экспертизанын он корутундулары алынбагандыгы белгилүү болду.

"Керемет-Суу" жана "Дельфин" эс алуу жайларында термалдык ысык сууларды толтуруу үчүн бассейндер курулган, алардан агып чыккан суулар тазаланбастан, түздөн түз дренаж каналдары аркылуу Ысык-Көлгө агып кеткен учурлар аныкталды. Ошентип, жер үстүндөгү сууларды коргоо эрежелерине ылайык административдик айыптар салынды. Эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттар аталган пансионат ээлерине, ал эми мыйзам бузуулар боюнча топтолгон материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Кошумчулай кетсек, президент Садыр Жапаровдун "Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" 1жарлыгын ишке ашыруу жана 2023-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү максатында Жаратылыш министрлиги тарабынан тиешелүү иш-чаралар улана берет.