Аймактар
Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды
© Элита плюс

Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун 9 айында 250 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24 учурга аз катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 34,8 пайызга, жаракат алгандар 22,8 пайызга кыскарган. Жол эрежелеринин талаптарын бузуунун 21 миң 305 учуру аныкталса, анын ичинен 543 айдоочу мас абалында кармалган.

"Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик көпчүлүгүн айдоочулар тарабынан, ал эми жөө адамдар болгону 25 жол кырсыгына себепкер болгон. Ошондой эле унаа жолдордун начар абалдары жана сапаттары стандарттарга дал келбестиги да бирден бир жол кырсыктарына себеп болууда. Мына ушундай жагдайдан улам отчёттук мезгилде 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза болсо, 73 ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп жазылат маалыматта.