Коом
Ысык-Көлдө 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Ысык-Көлдө 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды
© Элита плюс
Ысык-Көлдө 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды
© Элита плюс

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн атайын операциялардын натыйжасында 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

5-декабрда баңги каражаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сактоо фактылары боюнча сотко чейинки изилдөөнүн алкагында 50 жаштагы М.Ю. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында 128 даана брикет, пластмасса идиштерден кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыттуу зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 килограмм 150 грамм гашиш 79 килограмм 75 грамм марихуана баңги каражаттары, 294 килограмм 15 грамм каннабис тундурмасы болгон.

7-декабрда Ысык-Көл районунун Корумду айылында 1977-жылы туулган С.А. аттуу жарандын үйүнүн чатырынан эки кап кара-жашыл өңдөгү кара куурай өзгөчө жыттанган зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар 2 килограмм 500 грамм салмактагы марихуана болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөө улантылууда.

Ал эми 8-декабрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1970-жылы туулган Б.Р. аттуу жарандын сарайынан өзгөчө жыттуу заттар алынган. Алынган марихуана баңги каражатынын салмагы 610 грамм болгон.

9-декабрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1994-жылы туулган Ж.уулу.Н. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында үйдүн жер төлөсүнөн өзгөчө жыттуу оролгон зат табылып алынган. Алынган марихуана баңги каражатынын салмагы 2 килограмм 225 граммды түзгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн баңги каражаттардын жалпы салмагы 382 килограмм 575 граммды түзгөн. Азыркы учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки иликтөө ишке ашырылууда.