Аймактар
Ысык-Көл районундагы бейтапкана сентябрда аяктайт
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Ысык-Көл районундагы бейтапкана сентябрда аяктайт
© Элита плюс

 

 

Ысык-Көл районундагы толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жугуштуу оорулар бейтапканасы сентябрь айында ишке кирет. Бул багытта курулуш иштеринин сексен пайыздан ашыгы аяктап калды. Жаңы жасалып жаткан бейтапкана заман талабына ылайык жасалып, ички жабдуулары да жаңы алынат. Бейтапкананын ишке кириши менен жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы жетимиш орунду түзүп, калк саламаттыгына кам көрө баштайт. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай аймакта азыр эс алуучулар абдан көп, бирок келген туристтер арасында корановирус жана пневмония илдеттери менен аймактык бейтапканага кайрылгандар жок. 

Жугуштуу оорулар бөлүмүндө ковид-19 илдетине чалдыккандар дарыланууда. Бир жак капталындагы жаңылануу аяктаса бейтаптар жаңы имаратка көчүрүлөт. Ал эми эски жугуштуу бөлүмүндө толук оңдоп түзөө иштери башталат.

Ал эми үч кабаттуу бейтапканада болсо ар бир палатага кычкылтек түтүктөрү киргизилди. Жалпы жетимиш беш бейтап бир эле маалда кычкылтек менен камсыз болот. Мындан сырткары мамлекет тарабынан, демөөрчүлөрдөн жана кайрымдуу жарандардан келген медициналык каражаттар абалды туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Белгилей кетсек азыр Ысык-Көл районунда эс алуучулар абдан көп. Бирок эс алуучулар арасынан корановирус жана пневмония илдетине чалдыгып кайрылгандар жок.