Аймактар
Ысык-Көл облусунун губернатору Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көлдөгү туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү
Элита плюс
Июнь 01, 2020 г.
Ысык-Көл облусунун губернатору Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көлдөгү туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү
© Элита плюс

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү

А.Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.
"Учурдун талабына ылайык жаңы шарттарды сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте, санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт",- деп белгиледи ал.

Учурда Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбору жана 3 реабилитациялык борбор бар.