Коом
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Элита плюс
Ноябрь 02, 2020 г.
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү саат 00:05те Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.