Коом
Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби кандай болууда?
Элита плюс
Май 23, 2020 г.
Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби кандай болууда?
© Элита плюс

Суроо: Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби кандай болуп жатат?

Жооп: “Экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандандырылгандыгына байланыштуу облуска кирүү жана чыгууда чектөөлөр менен тыюу салуулар алынып салынган. Болгону бир гана шарт коюлган, облустан облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтүшөт жана дене табы текшерилет. Облуска кирип жаткан эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарттары каралып жатат”, - деп билдирди КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров.