Коом
Кыргызстанда акыркы сутка ичинде дагы 450 адамда COVID-19 табылды
Элита плюс
Июль 07, 2020 г.
Кыргызстанда акыркы сутка ичинде дагы 450 адамда COVID-19 табылды
© Элита плюс

Кыргызстанда 7-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 450 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 8 миң 141 адамга жетти. "Акыркы сутка ичинде илдет табылган 450 адамдын баары оорулуулар менен байланышта болгондор. Сырттан келген учур катталган жок", - деди ал.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек ш. – 229
-Чүй облусу - 84
-Ош ш. - 32
-Ош облусу - 23
-Жалал-Абад облусу - 47
-Баткен облусу - 10
-Ысык-Көл облусу - 13
-Нарын облусу - 11
-Талас облусу - 1.