Маданият
Ырчы Бек Исраилов Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунга ээ болду
Элита плюс
Декабрь 03, 2022 г.
Ырчы Бек Исраилов Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунга ээ болду
© Элита плюс

Эстрада ырчысы Бек Исраилов Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу ырчы мырза жеке баракчасы аркылуу билдирди:

"Сүйүнчү элим! Астанада өткөн Роза Багланова апабыздын 100 жылдыгына арналган эл аралык сынакта1-чи орунга ээ болдук! Калыстар тобуна өзгөчө рахмат алардын катарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева эжекебизге чоң рахмат.

Казак элинин маданият министрлиги сиздерге да рахмат. Сонун конкурс болду! Кыргыздын желеги ар дайым желбирей берсин!”, - деп жазылат билдирүүдө.