Шоу дүйнө
Ырчы Асель Кадырбекованын абалы оор экени кабарланды (ВИДЕО)
Элита плюс
Июнь 26, 2020 г.
Ырчы Асель Кадырбекованын абалы оор экени кабарланды (ВИДЕО)
© Элита плюс
Ырчы Асель Кадырбекованын абалы оор экени кабарланды (ВИДЕО)
© Элита плюс

 

Бишкекте, кече 26-июнда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу маалымдаган.

“26-июнда саат 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ГБР кызматынын унаасы менен “Тойота Камри” унаалары сүзүшкөн. Учурда унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. ГБРдин унаасынан 2 киши, “Тойота камри” унаасынан 1 киши, жалпы 3 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген”, -деди ал.

Ал эми окуянын күбөлөрүнүн айтымында ГБР атайын тобунун кызматтык унаасы “Хонда Одиссей” унаасы катуу ылдамдыкта “Тойота Камри 50″ унаасын сүзгөн. Атайын кызматтагы унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган абалы оор. Экинчи кызматкер дагы жабыркаган. Ал эми сүзүлгөн унаадан аял киши жабыркаган. Аларды “Тез жардам” унаасы ооруканага алып кеткен.

Ошондой эле жабыркагандардын арасында белгилүү ырчы Асель Кадырбекова бар экени айтылган. Муну ырчынын кесиптештери тастыкташып, ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (№4-оорукана) экенин маалымдашкан. 

Бүгүн эртең менен Асел Кадырбековнанын өкүл апасы, ырчы айым Неля Нуркулова өзүнүн социалдык баракчасына "Кагылайын калың-журт, оор сыноо башка келип, өкүл кызыбыз Асель кырсыкка кабылып, ооруканада оор абалда. Жаратуучудан алакан жайып жалбарып, ырайым тилеп, дуа кылып коюңуздарды өтүнөм... Аллах эң боорукер зат! деген билдирүү калтырган.

О.э. ырчынын жолдошу Нурлан Насип да бул маалыматты маалымат каражаттарына тастыктады.
Эске салсак ырчы Асел Кадырбекова 4-шаардык ооруканага өтө оор абалда жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда.
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал баш мээсинен жаракат алган. Акыреги сынган жана башка жаракаттары да бар. Эс-учуна келе элек.

"Элита плюс" журналынын жана сайтынын жамааты Асел Кадырбекованын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз.