Шоу дүйнө
Ырчы Анжелика: Коркунучтарыман эми кантип арылам ?
Элита плюс
Февраль 15, 2021 г.
Ырчы Анжелика: Коркунучтарыман эми кантип арылам ?
© Элита плюс

Буга чеийин болгон экстремалдуу нерселерди жасаптырмын. Азыр жаны таттуу Анжеликага айландым, - деп жазды ырчы, алып баруучу Анжелика Кайратова Инстаграмм баракчасына.

«Аскадан секирип, парашютта, парапланда учуп, кар үстүндө, суу үстүндө лыжа тээп, сынактардан калбай, бийиктикте канаткада басып, циркте полотнодо шпагат отуруп, айтор болгон экстремалдуу нерселерди жасаптырмын. Эч арманым жок.
Азыр бирөөсүн дагы кайталабайм. Жаны таттуу Анжелика унаага отургандан коркуп турган мезгили.
Бизди ооруканадан тез жардам үйгө чыгарып келишти. Үйгө жеткенче , алдынан же капталынан башка унаа чыга калбаса экен, тайып кетпесе экен деп коркуп келдим. Коркунучтарымдан кантип арылам?», - деп окурмандарына суроо салган ырчы айым.

Эскерте кетсек, ырчы 24-январда Түп районунда жол кырсыгына кабылып, жыйынтыгында Анжеликага жана кыздары Айым, Айлинге операция жасалган.