Дүйнөдө
Япониялык кемеден төгүлгөң миң тоннадан ашык мунайзат Инди океанына куюлду
Элита плюс
Август 10, 2020 г.
Япониялык кемеден төгүлгөң миң тоннадан ашык мунайзат Инди океанына куюлду
© Элита плюс

Маврикий аралынын жээгинде Япониялык кемеден төгүлгөң миң тоннадан ашык мунайзат Инди океанына куюлду. Бул тууралуу “MV Wakashio “ мунайзат өндүрүүчү компаниянын башчысы Акихико Оно билдирди. Буга чейин аталган жүк ташуучу кемеден төгүлгөн нефтиден улам Маврикий аймагына өзгөчө кырдаал жарыялаган. Өлкө, Бириккен улуттар уюмуна, Франция Президенти Эммануэль Макронго мындай учурда тажрыйбасы жок экенин айтып, жардам сурап кайрылды. Франция керектүү жабдуулар жана адистерден турган топ жардамга жиберилерин убадалады. Кеме Кытайдан Сингапур аркылуу Бразилияга жүк алып жөнөгөн. Бирок Инди океанында кырсыкка кабылып, оң капталы жабыркаган.