Коом
Япония медициналык жардам берет
Элита плюс
Июль 15, 2020 г.
Япония медициналык жардам берет
© Элита плюс

Жапония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет. Келишимге 14-июлда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду. Ага ылайык коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдууларды алып бермей болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет.